Нарындагы казуу иштери. Археологдор Кыргызстандын тарыхынын жаңы барактарын ачышууда
25&Բ;августа&Բ;2025
“Антропология жана Эл аралык өнүктүрүү” факультетинин студенттеринин талаа практикасы жөнүндө маалыматтык порталы маалымдайт.
Июль айында археологдор жана студенттер Нарынга казуу иштерине барышкан. Алар балдардын көмүлгөн жайларын, керамика жана таштарды табышкан. Бул экспедиция тууралуу 24.kg`ге сапардын жетекчиси, археолог жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология кафедрасынын окутуучусу Аида Абдыканова билдирди.
Анын айтымында, бул БААУнун студенттери үчүн талаа практикасы болуп, ага Кыргыз улуттук университетинин, Кыргы-Түрк “Манас” университетинин студенттери жана музейлердин кызматкерлери кошулган. Экспедиция Борбордук Азия университети менен кызматташуунун аркасында мүмкүн болду.
Экспедиция Айгыржал-2 жана Айгыржал-3 археологиялык эстеликтеринде өттү. Нарын дарыясынын жээгине жакын жайгашкан бул тоолордо мындан 14 миң жылдай мурда бул жерлерди мекендеген адамдардын жашоосунун издери сакталып турат.
Эмне себептен дал Айгыржал?
Айгыржалда казуу иштери 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Археологдор бул жерлерден болжол менен 14 миң жыл мурунку мезолит доорунан түрктөрдүн дооруна чейинки адамдардын ишмердүүлүктөрүн тастыктаган издерди табышкан. Бул жай анда ар кандай конуштар жана көрүстөндөрдүн болгондугу менен өзгөчөлөнүп турат.
Айгыржал-2де изилдөөчүлөр мезолит дооруна таандык издерди, ар тараптуу курал катары колдонулган ичке, учтуу плиталардан турган таш куралдарын табышкан.
Айгыржал-3тө байыркы көрүстөн жайгашкан. Бул жерден 30дан ашык сөөк табылган. Алар абдан терең көмүлгөн. Маркумдун жанындагы таш кутуларга курмандыкка чалынуучу тамактар жасалган идиш-аяк, сөйкө жана билерик, колодон жасалган ар кандай жеке буюмдар салынган.
“Сөөктөрдүн көбү балдар жана аялдардыкы. Байыркы аялдар жана балдар жөнүндө биз аз билебиз. Анткени жоокерлердин сөөгүн коюуга көп көңүл бурулган. Бул маалыматтар демографияны, ден соолукту, тамактанууну жана миграцияны изилдөөгө мүмкүндүк берет”,- Аида Абдыканова
Быйылкы жайда кандай ачылыштар жасалды
Экспедиция эки жумага созулду. Археологдор жана студенттер «Айгыржал-2» станциясында күйгөн таштардын тобуна туш болушкан. Аида Абдыканованын айтымында, мындай таштарды мешке же импровизацияланган мончолорго пайдаланылган. Алар ошол жерге чатыр тигип, таштарды жылытып, анан үстүнө суу куюп, жуунушкан.
Айгыржал-3 станциясында дагы кызыктуу ачылыштар күтүлгөн. Команда бир нече көмүлгөн чуңкурларды, анын ичинде бир бала жана бир аялдын сөөгүн тапкан. Сөөктөрдүн жанынан керамика жана коло зер буюмдар табылган.
“Буга чейин казылган көрүстөндөрдүн астында дагы бир типтеги мүрзөлөр бар экенин аныктадык. Башкача айтканда, көрүстөн биз ойлогондон да байыркы. Мүмкүн бул көмүүлөр коло дооруна таандык болушу мүмкүн”,- деп бөлүштү окутуучу.
Археологдор таблыган предметтерди кантип иликтешет жана документтерге айлантышат
Казылгандан кийин экспонаттарды сүрөткө тартып, тазалап, баяндама жазып чогултушат. Эгерде идиш бузулса, анда ал калыбына келтирилет. Карапа идиштин ичиндеги топурак палеоботанисттерге ичинде кандай дан жана тамак-аш болгондугун изилдөө үчүн жөнөтүлөт.
Адамдын сөөктөрүн физикалык антропологдор изилдеп, алар изотоптук анализ үчүн үлгүлөрдү алып, адамдын тамактануусун, ооруларын, жада калса анын жашоо географиясын аныктоого жардам берет. Табылган материалдар университеттин архивинде үч жылга чейин сакталып, андан кийин музейлерге өткөрүлүп берилет.
Талаа шарттары жана студенттер. Алар кандай тажрыйба топтошот?
“Талаа иштеринин аркасында окуучулар өздөрүнүн көз-караштарын, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Алар чыныгы илимий иштерге катышышат. Студенттер эмне кылбасын, бул алардын илимге, Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө кошкон салымы. Алар адамзаттын өтүмүшүнө байланышкан билимдердин баары ушундай жол менен алынарын түшүнүшөт”, – дейт Аида Абдыканова.
Илимий баалуулуктан тышкары, талаа шарттары студенттерге маанилүү жеке тажрыйбаны берет. Алар күн ачык, чаңдуу рельефте иштеп, ыңгайлуулук зонасынан чыгышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
“Студенттер бири-бири менен баарлашканды үйрөнүп, социалдык байланыштары кеңейет. Бир жерде жашап, чогуу тамактанып, чогуу иштешет. Бул 2-3 күн эмес, дээрлик күнү-түнү. Аларда бекем достук пайда болот. Бул келечекте билим алууну жеңилдетет”, – дейт Аида Абдыканова.
“Мен талаа шарттарында иштөөнү самачумун”: археолог айым өз жолун кантип баштаган
Аида Абдыканова мектепте окуп жүргөндө эле археологияга кызыгып калган. Аны сыртта, жаратылышта иштөө мүмкүнчүлүгү кызыктырчу. Анын алгачкы талаа тажрыйбасы Ысык-Көлдө болгон. Анан үчүнчү курста Тосор айылындагы казуу иштерине катышкан.
“Бир ай казып, эч нерсе таппай калдык. Анан 25 миң жыл мурун жашаган адамдардын эстелиги сакталып калган палеолит катмарына туш болдук. Ал тегиз эмес, байыркы жер экен. Аны тазалаганыбызда бут кийимимди чечип басып жүрдүм. Бул эстен кеткис болду”,- деп эскерет Аида Абдыканова.
Нарынга болгон экспедициядан кийинки пландар
Мурда мезолит эстеликтери табылган Аксай өрөөнүнө кайтып келүүнү пландаштырганбыз. Археологдор азыр көбүрөөк технологияга ээ жана жаңы маалыматтарды ала алышат. Нарында изилдөө иштерин улантып, чогултулган материалдарды кайра иштеп чыгуу керек. “Бизде тарыхыбызды кайра жазып чыгууга мүмкүндүк берген көптөгөн ачылыштар бар”, – деп жыйынтыктады Аида Абдыканова.