БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол койду
11&Բ;июля&Բ;2025
Жума күнү, 11-июлда Борбордук Азиядагы Америка университетинде (Бишкек, Кыргызстан) Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан кыймылсыз мүлк жана инвестициялар тармагындагы алдыңкы компаниялардын бири Azizi Group менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум түзүлдү. Ага ылайык, ооганстандык студенттерге каржылык колдоо көрсөтүү максатында аталган компания БААУга 500 миң АКШ долларын бөлүп бермей болду (2025-2026-окуу жылына 260 миң АКШ доллары жана 2026-2027-окуу жылына 240 миң АКШ доллары). Белгилей кетсек, ооганстандык студенттердин билим алуусу Эл аралык каржылоонун токтоп калгандыгына байланыштуу үзгүлтүккө учураган эле.
Бард-колледждин аткаруучу директору, БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөсү, доктор Джонатан Беккер жана Azizi Developments компаниясынын төрагасы Мирвайс Азизи мырза тарабынан жетишилген макулдашуу көпчүлүк бөлүгүн кыз-келиндер жана калктын аярлуу катмарларынын өкүлдөрү түзгөн ооганстандык студенттердин жогорку билимге жетүүсүн камсыздоого шарт түзөт.
Өз-ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум боюнча бул өнөктөштүктүн максаты БААУда билим алып жаткан ооганстандык студенттерге колдоо көрсөтүү болуп саналат. Анткени алардын билим алуусу чет элдик каржылык колдоонун токтоп калгандыгына байланыштуу жапа чегип калган. Эми мындай каржылоо толук кандуу билим алып, димломго ээ болуу мүмкүнчүлүгүн түзүп бермекчи.
Ошондой эле бул колдоо студенттердин окуу жана жашоосунун чыгымдарынын кенен спектрин жабат. БААУ токтоп калган каржылык колдоонун ордуна кошумча каржылоо булактарын издөөнү улантат. Бирок Azizi Developments бөлүп берген жана бүгүнкү күндө чогулган башка кайрымдуулук колдоолордун негизинде БААУ окуусу токтоп, орто жолдо калган ооганстандык студенттер университетте билим алуусун аягына чыгара алат деп ишендирип кетет.
“Мындай берешендик көпчүлүк ооганстандык студенттер Эл аралык каржылоонун жоголгонуна байланыштуу оор абалда калган кезде болуп жатат”,- дейт доктор Беккер. “Азизи мырзанын колдоосунун негизинде студенттерде үмүт жана тууруктуулук пайда болду”.
“Биз ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ооганстандык студенттердин билим алуусуна көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет. Алар ооганстандык студенттерди жылуу тосуп алып, лидерлердин болочок мууну менен байланыштын түзүлүшүн колдоп кубатташты”,- деп белгиледи Джонатан Беккер.
Тараптар колдоонун эффективдүүлүгүн күзөтүп баруу жана кызматташунун келечектеги тармактарын иликтөө үчүн ачык байланышта болуп туруу тууралуу макулдашышты.
Борбордук Азиядагы Америка университети Мирвайс Азизи мырзага айкөлдүгү жана берешендиги, ошондой эле академиялык жана жеке жашоосунда оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткан ооганстандык студенттерге колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең жана чын жүрөктөн чыккан ыраазычылыгын билдирет.